Бир киши каза болуп, 113 кишиден вирус табылды. COVID статистикасы

Өлкөдө бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алган бир дагы учур катталбаган аймактар бар. Бирок Бишкек шаарында абал курчуп бара жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 113 кишиден табылды. Ошол эле маалда 70 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Билдирмеге ылайык, коронавирус жуктургандардын көбү Бишкекте.
Жуктургандар:
Вирус жугузгандардын саны жаппысынан 88 276 кишини түздү.
Айыккандар:
Өлкөдө коронавирустан сакайгандардын саны 84 723кө жетти.
COVID-19дан Бишкек шаарында бир киши каза таап, вирустун курмандыгы болгондордун саны өлкө боюнча 1498 болду.
Стационарда 530 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 115 кишинин абалы оор, 22 кишиники өтө оор деп бааланууда.