Россия "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрмөй болду. Артыкчылыгы

"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" топтомуна кирет. Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасын каттоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Спутник Лайт" Гамалея борбору менен Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) биргеликте иштеп чыккан "Спутник" вакцина топтомуна кирет. Учурда анын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп жатат.
РФПИнин башчысы Кирилл Дмитриев "лайт-версия" негизинен оору күч болуп турган тышкы рынокко багытталганын, ал эми Россияда флагман болуп "Спутник V" каларын белгиледи.
Министрлик коронавируска каршы канча киши эмделгенин айтты
Гамалея атындагы борбордун директору Александр Гинцбург "Спутник Лайт" аталган мамлекеттерде оорунун мизин кайтарып, жергиликтүү саламаттык сактоо тармагына сезилерлик колдоо болорун белгиледи. Анын айтымында, эмдөөдөн кийин иммунитет үч-төрт айга чейин калыбында болуп, натыйжалуулугу 85 пайызды түзөт.
Мында "Спутник V" вакцинасынын биринчи компоненти пайдаланылып, бир гана жолу ийне сайылат. Эмделген адам кайра ооруп калган күндө да COVID жеңил өтөт, анткени вирус козгогуч өпкөгө түшпөйт. Таасирин күчөтүү үчүн үч айдан кийин кайра сайдырып койсо болот.