Ленин районунун мурдагы акими Чыныбаев үй камагына чыкты

Кечээ УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын кармаган. Көп өтпөй шаардык мэрия Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаевди кызматтан алган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Айзада Момунова билдирди.
29-марттагы райондук соттун судьясы чыгарган чечимге ылайык, мурдагы акимге карата үй камагына чыгаруу боюнча бөгөт чарасы тандалып, 28-майга чейин деп белгиленген.
Милиционердин атын жамынып ишкерди коркуткандар кармалды. Сүрөт
Кечээ УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерге бюджеттик акчаны берген деп кармаган. Акимдин аты-жөнү Ч.Ч. деген инициал менен берилген.
Ушул эле күнү Бишкек шаардык мэриясы Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Мелис Өксөмбаев дайындалганын кабарлаган болчу.