Чоң Чүй каналына жеңил унаа түшүп кетти. Сүрөт

Куткаруучулар атайын техниканын жардамы менен машинаны суудан тартып чыгышкан. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Чоң Чүй каналына бүгүн эртең менен Hyundai Solaris автоунаасы түшүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
1 / 2
Борбор калаадагы Чүй Чүй каналына бүгүн эртең менен Hyundai Solaris автоунаасы түшүп кетти
2 / 2
Куткаруу кызматына күбөлөр саат 6:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан
Куткаруу кызматына күбөлөр саат 06:02де каналдын Алматы көчөсү менен кесилишкен жерине жеңил автоунаа түшүп кеткенин айтышкан. Атайын техниканын жардамы менен машина суудан тартып чыгарылды. Кырсыктан жабыркагандар жок, унаа Кайгуул милициянын кызматкерлерине өткөрүп берилген.