Апта ирмеми: Японияда гүлдөгөн сакурадан Австралиядагы суу ташкынга чейин

Sputnik

Дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде Нооруз майрамы белгиленди.

"Союз-2.1а" үлгүсүндөгү ракета ташуучу орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди.

Каада-салт менен айкалышкан футуризм. Кытайда өткөн мода жумалыгынан 14 сүрөт
Японияда олимпиада отунун эстафетасы старт алды. Ал 121 күнгө созулуп, Токиодо 23-июлда аяктайт (Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында).

Суэц каналынын 151-чакырымында контейнер ташуучу Ever Given кемеси башка кемелердин жолун тороп, Азиядан Европага бара жаткан товарлар кармалып калган. Кеменин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт.

Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузду.

Австралиянын ондогон шаарларында катуу жааган жаандан улам суу ташкын болуп, эл эвакуацияланды.

 

1 / 18
"Союз-2.1а" үлгүсүндөгү ракета ташуучу Байконур космодромунан старт алды. Ал орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди
2 / 18
Нооруз майрамы күнүндө Сириянын улуттук кийимин кийип көл жээгинде турган кыз
3 / 18
25-мартта Японияда олимпиада отунун эстафетасы башталды. Футболчу Адзуса Ивасимидзу биринчи факел көтөрүүчү болду. Олимпиада отунун эстафетасы 121 күнгө созулуп, Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында, 23-июль күнү Токиодо аяктайт
4 / 18
Христостун Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) статуясы. Быйыл монументке 90 жыл толот. Буга байланыштуу масштабдуу реставрация жүрүп жатат
5 / 18
Аялдар Батыш Ява (Индонезия) провинциясында күрүч тазалап жатышат
6 / 18
Пекин (Кытай) мода жумалыгындагы модель
7 / 18
24-мартта Суэц каналынын 151-чакырымында контейнер ташуучу Ever Given кемеси башка кемелердин жолун тороп, Азиядан Европага бара жаткан товарлар кармалып калган. Кеменин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт
8 / 18
Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район
9 / 18
Улуу Британиялык фигуристтер Лайла Фир менен Льюис Гибсон Стокгольмдо (Швеция) өткөн көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта
10 / 18
Дублиндеги (Ирландия) өкмөт үйүнүн алдында өткөн газдын Extinction Rebellion кыймылынын катышуучусу
11 / 18
Жаран Колорадодогу (АКШ) атышуудан улам каза болгон полициянын офицеринин унаасына гүл коюп жатат. 22-март күнү Боулдера шаарындагы супермаркеттердин биринде атышуу болгон. Анын кесепетинен 10 адам көз жумган. Алардын арасында полиция кызматкери дагы болгон. Кылмышкер жаракат алып, кармалган
12 / 18
Гондурастык киши менен бала Рио-Гранде дарыясынын жээгинде
13 / 18
Түгөйлөр Токиодогу (Япония) Чидоригафути паркында гүлдөп турган сакуранын жанында кайык менен сүзүп жүрүшөт
14 / 18
Индиядагы Холи боёктор фестивалынын катышуусу
15 / 18
Туристтер Исландиядагы Фаградальсфьяль жанар тоосунун атылышын карап отурушат
16 / 18
Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузду
17 / 18
Барселонада (Испания) 5 миң көрүүчү менен концерт өттү. Ага келгендердин бардыгы COVID-19 ПЦР-тест тапшырган. Кире бериштен жарандардын температурасы текшерилип, бет кап берилген
18 / 18
Жазгы каникулда Флоридадагы (АКШ) пляжда эс алып жаткан кыз