BJ Penn порталы билдиргендей, мушкерлер мелдеши Флорида штатынын Орландо шаарында өткөн.
Видеодогу кадрдан көрүнүп тургандай, жарык өчөр алдында Нельсондун урган соккусу Доттердин ээк тушуна таамай тийип, ал эстен тана түшкөн. Жарык жанган учурда Лоттер канваста жатканын, рефери беттешти токтотууну билдиргенин көрүүгө болот.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар түрдүү пикирлерди калтырып жатышат. Видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү окуя "Жылдын нокауту" деген наамга татый турганын да айтышууда.