Россиянын шаарларына жана Үрүмчү, Алматыга ачылган каттамдар кайра токтотулду

Керектүү маалыматтарды жана расписаниени "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Avia Traffic авиакомпаниясы Россиянын шаарларына ачкан каттамын кайрадан токтотту.
"Манас" эл аралык аэропорту мунун себеби эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин билдирди.
"Манас" аэропорту Россияга авиабилеттин кымбаттаган себептерин атады
Аны менен катар China Southern Airlines компаниясы Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамын токтоткон.
Air Astana дагы Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча убактылуу учпай турган болду.
Керектүү маалыматтарды жана каттамдардын расписаниесин "Манас" эл аралык аэропортунун сайтынан карап туруу сунушталат.
Ошондой эле аэропорт билет сатуу жана аны жөнгө салуу иштери менен алектенбей турганын эскертти.
Бүгүн эртең менен Россия жана башка алты өлкөгө авиакаттамдар көбөйтүлгөнү айтылган.