Коронавируска каршы эмдөө Ошто да башталды. Сүрөттөр

Алгач эмдөөдөн медицина кызматкерлери, мугалимдер, укук коргоо органдарында иштегендер өтмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен.
1 / 4
Бүгүн Ош шаарында да №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды
2 / 4
Препарат медицина кызматкерлерине сайылардан мурун иштин жүрүшү менен вице-мэр Эмил Шадыханов таанышып кеткен
3 / 4
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет
4 / 4
Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи
Аталган филиалдын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, Ошко Кытайдан чыккан Sinopharm вакцинасынын 300 дозасы келген. Бул 150 адамга жетет. Мондуева биринчи кезекте эмдөөдөн эл менен иштешкен адамдар: медиктер, мугалимдер, чек арачылар, милиционерлер өтөрүн белгиледи.
"Ош шаарында биринчилерден болуп вакцинаны Санэпидемстанциянын жетекчиси, саламаттык сактоо боюнча калаанын координатору жана орун басарлары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчылары алышты. Ар бири текшерилип, алгач аңгемелешүү жүрдү", — деп айтылат маалыматта.
Ыктыярдуу түрдө жасалган вакцинациянын экинчи этабы 25-28 күндүн ичинде ишке ашышы керек.
Эскерте кетсек, Бишкекте бүгүн эмдөөдөн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана бир катар медиктер өтүштү.