БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Өзүн Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, Сокулук районунун жашоочусунан акча талап кылган киши менен анын шериги кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Колго түшкөн Л.Д.Э. жана анын шериги Т.У.Ж. Сокулук районунун жашоочусун ортомчулук кызматты мыйзамсыз негизде жүргүзүүгө айыптап, "кылмыш жоопкерчилигине тартыласың" деп коркутушкан.
"Шектүүлөр жарандан жалпы жонунан беш миң доллар талап кылышкан. Л.Д.Э. арыз ээсинен буга чейин миң доллар алууга жетишкен. Кийин ИИМдин ички иликтөө кызматы эки шектүүнү 50 миң сом алып жаткан жеринен кармаган", — деп айтылат маалыматта.
Колго түшкөндөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.