Ленин районунун акими Чыныбаев кызматтан кетип, ордуна Өскөмбаев келди

УКМК буга чейин бюджеттик акчаны депутаттыкка талапкерге берген деп Бишкектеги акимдердин бири кармалганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
Саламаттык сактоо министринин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?
Анын дагы бир буйругу менен районго жаңы аким болуп Мелис Өксөмбаев дайындалды.
Чыныбаев райондун жетекчилигине өткөн жылдын 20-августунда келген.
Бүгүн УКМК Бишкектин райондорунун биринин башчысын шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерге бюджеттик акчаны берген деп кармаган. Акимдин аты-жөнү Ч.Ч. деген инициал менен берилген.