Тоолорубуз, көлдөрүбүз бар деп мактанганыбыз менен Кыргызстанда конкреттүү кандай дестинациялар бар экендигин билбейбиз. Мындай оюн Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавирус пандемиясы ички туризмди өнүктүрүп, көйгөйлөрдү так аныктап, өлкөнүн кооз жерлерин билүүгө шарт түздү.
"Кыргызстандагы ички туризмди өзүн-өзү тааный албаган адамга окшоштурам. Себеби тоолорубуз, көлдөрүбүз бар деп мактанганыбыз менен кайсы тоолор, көлдөр экенин конкреттүү айта албайбыз. Жалпысынан Ысык-Көл, Сары-Челек деп чектелебиз. Бирок жети дубандагы дестинациялар тууралуу толук маалыматтар бизде жок. Чет өлкөгө барбай эле өлкөнү кызыктуу, пайдалуу кыдырса болот", — деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис саякаттоо негизги муктаждыкка кирбегендиктен адамдарды кызыктыруу жолу менен гана бул тармакка тартуу керек экенин кошумчалады.