Кыргызстандагы кайсы банктарда мобилдик банкинг бар? Оң жана терс жактары

Мобилдик банкинг (МБ) — бул банктык эсепти аралыктан башкаруу. Анын артыкчылыктары жана коркунучтары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Sputnik
Акыркы кезде Кыргызстанда санариптештирүү жөнүндө маселе арбын козголуп келет. Пандемия дагы онлайн-кызматтарды өнүктүрүү зарылдыгын көрсөттү. Sputnik Кыргызстан редакциясы мобилдик банкинги бар финансы-кредиттик мекемелерге сереп салды.

Оң жана терс жактары

Улуттук банктан билдиришкендей, мобилдик банкингдин эң негизги артыкчылыгы — бул кардардын убактысын үнөмдөгөнү. Эсепте каражат болсо, анын жардамы менен банкка барып отурбастан каалаган операцияларды жети күн, 24 саат бою аткарууга болот. Мобилдик банкингдин жаман жери — эгер смартфон уурдалган болсо, кылмышкерлер сиздин акчаңызды колдонуп коюшу мүмкүн.
Депозитти кайсы валютада ачса кирешелүү болот? КР банктарынын маалыматы
Акча жоготуу коркунучун кантип алдын алса болот
Башкы банктан белгилешкендей, мобилдик банкингдин колдонуучулары үчүнчү адамдарга өзүнүн жеке маалыматтарын айтпашы керек. Тагыраагы, жеке идентификациялык номерди (ПИН), паролду, электрондук почтаны жана башка акчаны алууга жол ача турган маалыматтар ачыкталбашы зарыл.
Көйгөйдү алдын алуу үчүн Улуттук банк төмөнкү сунуштамаларды берди:

Кыргызстандагы кайсы банктардын мобилдик банкинги бар?

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 23 банктын ичинен 10 банктын мобилдик банкинги бар. 2021-жылдын март айында бул системага дагы бир банкты кошуу пландалып жатат. Анткен менен сурамжылоо учурунда көпчүлүк банктар МБ бар экенин билдиришти. Төмөндө алардын тизмеси:
Белгилей кетсек, бир нече банк мобилдик банкингди ишке киргизүүнү пландап жатышканын маалымдады. Ошентсе да МБ боюнча кызмат көрсөткөн банкыңызга кайрылууну сунуштайбыз. Ал жактан мобилдик банкинги бар-жогун жана качан ишке киргизери тууралуу кенен маалымат беришет.