КРде микрокредит алгандардын саны дагы көбөйдү. Эл акчаны эмнеге жумшайт

Кредиттин мындай түрүн алгандар каражатты көбүнесе айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө сарпташат. Ошондой эле керектөөчүлүк жана соода кылуу үчүн насыя алгандар көп.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 13,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"2020-жылдын январь-декабрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 707 миң адамга 31,1 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга, каражаттын көлөмү 3,2 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандыктар лизингге кандай мүлктөрдү алышат? Статистика
Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 21,8 пайызы) жана Жалал-Абад (15,7 пайызы) облустарынын, Бишкек шаарынын (15,6 пайызы), ошондой эле Чүй облусунун (13,4 пайызы) тургундарына берилген.
Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,6 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (28,2 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (10,4 пайыз) чыкты.