Апрелде кыргызстандыктар майрамдын эсебинен канча күн эс алат

Апрелде Рамазан айы дагы башталат, орозо 13-14-апрелге туш келиши болжолдонууда. Бирок ал эс алуу күнү деп эсептелинбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар 7-апрелде майрамдын эсебинен эс алышы күтүлүп жатат.
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Апрелде башка майрамдык күндөр жок. Ушуну менен беш күн иштегендер бир айда тогуз жолу эс алат.
Белгилей кетсек, апрель айында Рамазан айы, тагыраагы, орозо 13-14-апрелге туш келиши болжолдонууда. Бирок ал эс алуу күнү деп эсептелинбейт. Рамазан айынан кийин майда Орозо айтка байланыштуу эс алуу болот.