Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов эң маанилүү 16 товардын 12синин баасынын өсүшү токтобосо, мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизүүгө мажбур болорун, бирок ага жеткирбей бааларды түшүрүү керектигин айткан эле.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги бул процесс кантип башталарын жана кандайча ишке ашарын сураштырып көрдү. Мындан тышкары, баалардын чектелиши ишкерлерге кандай таасир этерине кызыктык.
Экономика жана финансы министрлигинен билдиришкендей, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы бир ай ичинде нарк 20 пайызга жогорулаган учурда киргизилет. Өкмөт бул тууралуу токтом кабыл алган күндөн тарта 90 күн ичинде ишкерлер товарларды коюлган ченден жогору сата албайт. Талаптын аркарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги баш болгон бир катар мамлекеттик ишканалар көзөмөлдөйт. Чектөөнүн негизги максаты — калктын аялуу катмарынын муктаждыгын канааттандыруу.
Кайсы товарлардын баасы чектелиши мүмкүн?
Кайсы товарлар кымбаттады?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бир жыл ичинде (2020-жылдын 3-февралындагы баа менен 2021-жылдын 25-марттагы баалары салыштырылды) өлкөдө күрүч 3 сомго, жогорку сорттогу ун 6 сомго, нан 3 сомго, уй эти 101 сомго, кой эти 132 сомго, 10 даана жумуртка 29 сомго, күн карама майынын литри 71 сомго, картошканын килограммы 13 сомго, кумшекердин килограммы 25 сомго, чайдын 100 граммы 8 сомго кымбаттады.
Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы дагы күндөн күнгө көтөрүлүп бара жатат. 12-марттагы маалыматка караганда, бензин бир ай ичинде 11,5 пайызга кымбаттады.
Өкмөттүн аракеттери
Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын турукташтыруу үчүн мамлекеттен ири суммадагы каражат бөлүнгөн. Ал акчага Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу Россиядан 1 000 тонна өсүмдүк майы менен 3 000 тонна кумшекер алынган. Аталган фонддон товарлар Кыргызстанга келе жатканын айтышты.
Ал эми күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн жаздын башталышы менен Кыргызстан чийки мунай жана мунай өндүрүмдөрүн экспорттоого тыюу салды.
Бааларды жөнгө салуунун ыкмалары
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагындык Маматоморовдун айтымында, баалар эки ыкма менен ооздукталат.
"Биринчиси — түздөн-түз эле бир баа коюлат, товар андан бир дагы тыйын ашырбай сатылышы керек болот. Экинчиси — баадан тышкары үстөк пайызын коюп беребиз. Мисалы, товар 100 сом деп бааланса, ишкер зарылчылыкка жараша үстүнө канча бир пайыз кошуп сатса болот. Мыйзам боюнча эң көп дегенде 10 пайыз кошуп сатууга уруксат берилет", — деди Маматоморов.
Анын айтымында, алгач кумшекер, өсүмдүк майы, тоок эти жана жумуртканын баасын чектөөнү пландап, токтом долбоору ведомстволор арасында макулдашылып жатат.
"Учурда ушул төрт товардын баасын чектөө боюнча токтом долбоору даярдалып жатат. Эгер ага кол коюлуп калса, процесс алгач ушул товарлардан башталат", — деди адис.
Баалар кантип аныкталат
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен түшүндүрүшкөндөй, акыркы бир нече күндөгү максималдуу баалар менен учурдагы базар баасы салыштырылып, эң максималдуу көрсөткүч чек катары белгиленет.
Учурда товар тартыштыгы жокпу
Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагындык Маматоморов баалардын көтөрүлгөнүнө карабай, Кыргызстандын базарларында товарлардын тартыштыгы жок экенин айтат.
"Бааларга чектөө коюлганы менен ишкерлерди акчасыз калтырбайбыз. Аз болсо дагы товар жүгүртүп турууга мүмкүндүк болот. Бүгүнкү күндө кымбатчылыкка карабай бардык товарлар жетиштүү көлөмдө келип жатат", — деди ал.
Өкмөттүн талабын бузгандар кандай жаза алат?
Товарды белгиленген баадан ашырып саткан ишкерлерге алгач эскертүү берилип, кийин айып пул салынат.
Өлкөдө баалар акыркы ирет качан жөнгө салынган?
2020-жылдын март айында 11 товардын баасы чектелген. Анда эреже бузган 40тан ашык ишкерге эскертүү берилип, 30га чукул иш Финансы полициясына жөнөтүлгөн. Жалпысынан үч ай ичинде ишкерлерден 420 миң сом айып өндүрүлгөн.
Бизнес өкүлдөрү эмне дейт
Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов мамлекет бааларга чектөө коюу үчүн өзүнүн запастагы товарларын колдонушу керек деген пикирде.
"Эгер Мамрезерв фондунда ун менен буудай болсо, ошолорду чыгарып, арзандатып сата беришсин. Бирок биз алып келген товардын баасын чектеп коюу ишкерлерге бир топ кыйынчылык жаратат. Казакстандан 1 тонна буудайды 250 доллардан алабыз. Кыргызстанга киргенде бардык салыктарды төлөп отуруп, 1 килограмм буудайдын өз наркы 24 сом 30 тыйын болот. Өзүн акташ үчүн 30 сомдон жогору сатылышы керек. Андан ылдый саткыла десе, биздин бизнесибиз токтойт", — деди Кудайкулов.
Канаттуулар чарбасы ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мамырканов дагы өкмөттүн мындай демилгесин колдобой турганын билдирди.
"Баалар негизи сырттан аныкталып жатат. Мисалы, биз тоюттун 85 пайызын Казакстан менен Россиядан алабыз. Алар кымбаттатып жатса, биз мамлекеттин чектеген баасы менен сатсак, жумушчуларга айлыкты, банктарга кредиттерди кантип төлөйбүз? Ансыз деле буга чейинки жарманкелерден чыгым тарттык", — деди ишкер.
Адистер кандай пикирде
Экономист Расул Түлеев өкмөт мындай кадамга барса, баалар ого бетер өсүп, "көмүскө базарлар" көбөйөт деп эсептейт. Анын айтымында, чектөө киргизгендин ордуна интервенцияларды жасап, бажыдагы төлөмдөрдү кыскартуу таасирдүүрөөк болот.
Экономист Расул Түлеев
© Фото / Бексултан Окенов
Ал эми мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев бул нерсе товарлардын тартыштыгына себеп болорун айтат.
"Чектөөлөр коюлуп калса, ишкерлер чет өлкөдөн товар алып келгиси келбей калат. Пайда көрбөгөн адамдан кызыкчылык кетет дегендей. Албетте, бул нерсе дефицитке алып келет. Товар болсо дагы спекуляция башталат", — деди экс-министр.
Токтогазиевдин пикиринде, учурда өкмөт абалдан чыгуунун жолун ишкерлер менен бирге издеп, аларга мамлекеттик деңгээлде жардам көрсөтүшү зарыл.
"Мисалы, товар алып келген өлкөлөр менен өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жеңилдиктерди алып бериши керек. Анткени ишкерлер өз алдынча мындай сүйлөшүү жүргүзө албайт. Экинчиден, өлкө ичиндеги салыкты убактылуу азайтып, жеңилдетилген насыяларды бериши зарыл", — деди ал.
Ошондой эле Токтогазиев өкмөт кыска убакытта эффект бере турган ыкмалардан тышкары азык-түлүк коопсуздугу боюнча алыскы келечекке дагы пландарды коюшу керектигин кошумчалады.