Коронавируска каршы кайсы жерде эмделсе болот? Даректер

Министрлик Бишкек шаарында азырынча эмдөө эки Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жүрөрүн маалымдады. Калган бириктирилген ооруканалар кийинчерээк кошулат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде вакцинация кайсы жерлерде жасала турганын айтты.
Эске салсак, Кытай Кыргызстанга Sinopharm препаратынын 150 миң дозасын бекер берген. Ал 75 миң кишиге жетет. Аталган вакцинанын кыйыр таасири жок экени айтылууда.
Вакцина төмөнкү даректерде жасалат:
Андан соң ыкчам байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен башка аймактарда эмдөө пунктулары уюштурула баштайт.