Бишкек — Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, бир жоокер каза болду

Кырсыктын кесепетинен Н. А. аттуу аскер кызматкери мүрт кеткен. Дагы бир жоокер колунан жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматы кабарлады.
Ысык-Көлдө жол кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды
Алдын ала айтылган божомолго караганда, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу руль башкара албай калган. Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.