Министр Бейшеналиев: вакцинанын кесепети болсо жоопкерчиликти өзүм алам

Бүгүн Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн алкагында кимдир бирөөгө кесепети тие турган болсо жоопкерчиликти жеке өзү ала турганын билдирди.
Маалымат жыйын учурунда Бейшеналиевден журналисттер вакцина боюнча ким жооптуу болорун сурады.
"Жалпысынан өкмөт жана Саламаттык сактоо министрлиги жооп берет, бирок эң башкы жоопкерчилик менде болот", — деди министр.
Бүгүн Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкысы болуп түз эфирде Бейшеналиев өзү эмделди. Жалпысынан 150 миң доза препарат алынган, биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылат.