Жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова Ташкент марафонунан алтын утушту

Марафон бүгүн, 28-мартта, Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өттү. Анда кыргызстандык төрт спортчу байгелүү орундарды камсыздашты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту. Маалыматты Жеңил атлетика федерациясы Sputnik агенттигине тастыктады.
1 / 2
Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Ташкент марафонунда алтын медаль утту
2 / 2
Эркектер арасында кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин марафондук аралыкка жарышып, экинчи орунду ээлеген
Үчүнчү эл аралык марафон бүгүн, 28-мартта, Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өттү.
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат
Мария Коробицкая 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган. Ал эми Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафондо баарынан озуп, алтын байге утту. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшаной Сатарова марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.
Эркектер арасында кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин марафондук аралыкка жарышып, экинчи орунду ээлеген.