Уайт Поветкинди нокаутка кетирип бокстан дүйнө чемпиону болду. Видео

Эки жыл мурда россиялык мушкер британиялыкты нокаутка түшүргөн болчу. Эми Диллиан Уайт Александр Поветкинден реванш алды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиялык боксчу Александр Поветкин оор салмактагы британиялык мушкер Диллиан Уайт менен болгон беттеште жеңилди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Беттеш Гибралтарда өтүп, Уайт биринчи эле раундда катуу чабуул жасап кирген. Төртүнчү раундда британиялык мушкер кубаттуу соккулары менен таамай тийип, россиялык спортчуну жерге сулаткан.
Японияда атаандашын 6 секундада сулата чапкан нокаут катталды. Видео
Рефери техникалык нокаут деп эсептеп, жеңиш Уайтка берилди.
Поветкин муну менен бокстун WBC түрү боюнча убактылуу чемпиону титулунан кол жууду.
Беттеш Уайт үчүн реванштык болду. Британиялык менен россиялык мушкерлердин биринчи таймашы 2020-жылдын августунда болгон. Анда россиялык "Витязь" атаандашын эстен тандыра согуп, уткан болчу.