Валентина Шевченко катыша турчу UFC турниринин билеттерин эл талап кетти

Апрелдин этегинде UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион (52 кг) Жессика Андраде менен кармашат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко катыша турчу UFC 261 турниринин билеттери бир нече мүнөттө эле сатылып кетти. Бул тууралуу промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
"UFC күйөрмандарына чоң рахмат. Билеттер бир нече мүнөттө эле сатылып кетти. Уюмдун тарыхындагы билеттер таланып кеткен учурлардын бири болуп калды. 15 миң көрүүчү! Джексонвиллде көрүшкөнчө", — деп жазган Уайт.
Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешет.
Качырып согом! Андраде Шевченконун алсыз жактарын пайдаланып утарын айтып чыкты
Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу. 52 килограмм салмакта мурда чемпион болгон Андраде жакында эле Шевченконун салмагына — 57 килограммга өттү. Бул дивизиондун чемпиондукка талапкерлеринин тизмесинде бразилиялык спортчу биринчи орунду ээлеп турат.
Кеченин башкы беттешинде Камару Усман менен Хорхе Масвидаль жолугушат. Ошондой эле "чегирткенин салмагындагы" спортчулар Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет.