Өкмөт 10 миллион доллар насыя алат. Каражат кайда жумшалат

Өкмөттө келишим бекитилди, ага экономика жана финансы министри кол койду. Насыя эл аралык донорлордон алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунан 10 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Келишим өкмөттө бекитилип, ага экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.
Кечигүү болбойт! Новиков Дүйнөлүк банктын өкүлү менен долбоорлорду талкуулады
Каражат Балыкчы — Каракол — Балыкчы айланма трассасынын айрым бөлүктөрүн (Корумду айылынан Балбай айылына чейинки аралык) реконструкциялоого багытталат. Оңдоло турган жолдун жалпы аянты 80,5 чакырымды түзөт.
Жер казуу жана дренаждык иштер жүргүзүлүп, көпүрө курулат. Мындан сырткары, каражат консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, менеджмент жана жолдорду тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга сарпталат.
Корумдудан Балбай айылына чейинки жолду калыбына келтирүү үчүн сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы 128 миллион долларды түзөт.
Каражат кандай сарпталат (доллар менен):
Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду насыя түрүндө 35 миллион доллар берет. Долбоордун калган бөлүгүн (93 миллион) каржылоо үчүн башка насыя тартылат:
Мындан сырткары, өкмөт тарабынан долбоордун 12,1 миллион долларын каржылоо каралган.