146 киши COVID-19 жуктуруп, бир бейтап каза болду. Жаңы статистика

Акыркы суткада вирус жуктургандардын саны бир топ өскөнү байкалууда. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары экенин көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 146 кишиден коронавирус аныкталып, 63 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө жалпысынан 88 092ге жетти. Анын ичинен 84 600 адам дартты жеңген.
Айыккандар:
Бишкекте бир киши каза таап, жалпысынан вирустун курмандыгы болгондордун саны 1495ке жетти.
Алматыда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды
528 бейтап ооруканаларда болсо, 520 киши амбулатордук шартта медициналык жардам алып жатканы кошумчаланды.
Стационардагылардын ичинен 133үнүн абалы оор болсо, 19 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда.
Ал эми бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.