Казакстанда вирус күч алып, Тажикстан аны жеңдик деп жатат. COVID боюнча абал

Акыркы учурда Борбор Азия өлкөлөрүндө коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп бара жатканы айтылып, акырындык менен чектөөлөр киргизилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. – Sputnik. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан күч алып бара жатканын көрүүгө болот. Бир гана Тажикстан бийлиги эпидемиологиялык абал турукташканын айтып, жай турмушка кайтууда.
Өткөн суткада Казакстанда 1 596 адам коронавирус жуктурду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Алматы жана Нур-Султан шаарларында болуп жатат. Ошондой эле вирустан каза тапкан бейтаптардын саны күн сайын 20га чукулдап барат. Акыркы 24 саат ичинде эле коңшу өлкөдө коронавирус менен пневмония илдетинен 17 казакстандык көз жумду.
Ошол эле учурда Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык туруктуулук жана коомдук саламаттык кызматынын жетекчисинин орун басары Нурмат Отабеков буга чейин күн сайын ооругандардын саны элүүнүн тегереги болуп келсе, өтүп бара жаткан аптада бул көрсөткүч 100дөн ашканын айтты.
"Бул нерсе көбүнчө балдарды жабыркатчу коронавирустун "британиялык" штаммынын тарап кетиши менен байланыштуу болушу мүмкүн", — деди адис.
Ал ортодо Кыргызстанда дагы SARS-CoV-2 вирусун жуктургандар көбөйүп, акыркы суткада алардын саны 146га жетти. Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Мындан улам биринчи вице-премьер Артём Новиков өлкө аймагында азырынча чектөө киргизилбей турганын, бирок эл көп чогулган жерде санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөрүн айтты.
Коронавируска каршы эмделгенден кийин жегенге болбой турган азыктар
Ошол эле учурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон COVID-19ду тажик эли жеңгенин айтууда. Расмий маалыматтарга караганда, жыл башынан бери коронавирустун жугушу боюнча бир дагы учур каттала элек. Андыктан үлпөт тойлорго көп киши чакырып, шаан-шөкөт өткөрүүгө кайрадан уруксат берилди.
Мурда жаш жубайлар тоюна 40 киши чакыра алса, азыр коноктордун саны 100гө чейин көбөйтүлдү.
Ошондой эле коңшулар бир топ өлкөгө аба мейкиндигин ачты.