Бишкекте лифтинин шахтасына түшүп кеткен кызды аман алып чыгышты

Куткаруучулар жүк ташыган лифтинин бекилип калган эшигин ачып, кызды алып чыгышты. Ошол замат аны Тез жардам кызматы алып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкектеги мейманканалардын бириндеги лифтинин шахтасына капысынан түшүп кеткен кызды беш куткаруучу алып чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Токмок шаарындагы ири өрт 10 саатта өчүрүлдү
Куткаруучулар жүк ташыган лифтинин бекилип калган эшигин ачып, кызды алып чыгышкан. Ошол замат аны Тез жардам кызматы алып кеткени айтылат.
Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.