Көз ачырбай жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Келе жаткан аптада абанын температурасы төмөндөп, тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал. Жума аягында гана күн ачылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, апта ичинде күн бузулуп, айрым аймактарга кар жаап, үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Суук болобу? Апрель айына карата аба ырайы
28-29-30-мартта өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жаан жаайт. 31-март, 1-апрелде кээ бир облустарда жаан катуу жаап, тоолуу жерлерге кар түшүүсү божомолдонууда.
1-апрелде Чүй облусунун айрым жерлеринде үшүк жүрөрү айтылды. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө.
2-апрелде да жаан жаап, 3-апрелден тарта күн жылый турганы маалым болду.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-30-марттарда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.