Жекшембиге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 28-мартта күндүз жана 29-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, тоолорго кар түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +8...+13, Таласта +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +7...+12, ал эми Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы Ош шаарында +12...+14, борбор калаада +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.