Өмүрүн, билимин медицинага арнаган Мирсаид Миррахимов. Эл көрө элек сүрөттөр

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгаан дарыгерди эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Мирсаид Миррахимов 1927-жылы 27-мартта Фрунзе шаарында белгилүү музыканттын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1948-жылы артыкчылык менен аяктап, 1952-жылы ординатураны бүтүрүп эмгек жолун катардагы ассистенттен баштап, жогорку окуу жайдын проректору болгонго чейин жетишкен.

Кошуна аял эмизип... Кыргыз кардиологиясынын атасы Миррахимов жөнүндө 9 факты
Кийинки жылдары илимий изилдөө иштери менен жигердүү алектенип, медицина илимдеринин доктору даражасын алып, профессор СССРдин медициналык илимдер академиясынын мүчөсү болот. Андан соң Нью-Йорк академиясынын мүчөсү, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун ардактуу директору болгонго жетишет.

Окумуштуу Миррахимов клиникалык физиолог, өлкөдөгү саламаттык сактоонун мыкты уюштуруучусу, чет мамлекеттерде көрүнүктүү коомдук ишмер катары таанылган.

Миррахимов Кыргызстанда кардиологиялык кызматты түзүүнүн жана өркүндөтүүнүн демилгечиси. Анын аракеттери менен 1980-жылдары жүрөк ооруларынан каза болгондордун саны 15 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле ал негиздеген жана жетектеген Кардиология илим изилдөө институту кыска убакыттын ичинде заманбап медициналык шаймандар менен жабдылып, сапаттуу билим берүүчү илимий-практикалык комплекске айланган. Ал мекеме азыркыга чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Окумуштуу 700дөн ашык илимий эмгектин, 35 монография, 500гө жакын илимий макала жана 19 ойлоп табуунун автору. I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси 2008-жылы 81 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

1 / 13
Миррахимов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплом менен аяктап 25 жашында илимдин кандидаты, 38 жашында илимдин доктору болгон
2 / 13
Фрунзе шаарындагы өзбек башталгыч мектебинин окуучулары. 1935-жыл (Миррахимов экинчи катарда сол жактан биринчи)
3 / 13
Миррахимовдордун үй-бүлөсү тамактанып жаткан учур, 1950-жыл
4 / 13
Окумуштуу шахматты жакшы ойногон жана каршылашын жеңмейинче жаны жай алчу эмес
5 / 13
Медицина илимдеринин доктору байбичеси жана уул-кыздары менен
6 / 13
Чыгаан дарыгер бейтаптын саламатчылыгын текшерүү маалында шакирттери менен
7 / 13
Окумуштуу Фрунзе шаарындагы илимий изилдөө борборунда, 1985-жыл
8 / 13
"Висцериалдык физиология системалар жана адаптация процесси" семинарынын катышуучулары. 1979-жыл, Чолпон-Ата
9 / 13
Академик Миррахимов эл аралык деңгээлдеги илимий иш-чараларга көп барчу. Алардын биринде кесиптештери менен
10 / 13
Социалисттик эмгектин баатыры, белгилүү кардиолог жаш дарыгерлердин курчоосунда
11 / 13
Миррахимов кардиологдордун бүткүл дүйнөлүк конгрессинде кесиптештери менен
12 / 13
I жана III даражадагы "Манас" орденинин ээси жубайы Неля Юсупова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап, өмүрүнүн аягына чейин бирге түтүн булаткан
13 / 13
КРдин Улуттук илимдер академиясынын жана РФтин Медицина илимдери академиясынын академиги 2008-жылы 81 жаш курагында каза болгон