Тапшырмалар аткарылбай жатат! Новиков Саламаттык сактоо министрлигин зекиди

Биринчи вице-премьер жыйында былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алуу зарылдыгына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков Саламаттык сактоо министрлигине Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатканына нааразы болду.
Бүгүн Новиков өкмөттө жыйын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу министрликке бир катар тапшырмаларды берген.
"Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык штаб берген бир катар тапшырмаларды аткарбай жатат. Ведомство биринчи кезекте медицина мекемелеринин дары-дармек, коргонуучу каражат, жабдуу менен камсыздалышын көзөмөлдөшү керек. Министрлик мындай ишти үзгүлтүккө учуратпай жасап турушу шарт. Бул күн сайын жасалчу иш. Штаб мындай тапшырмаларды сөзсүз айтып турушу керекпи? Көңүл кош мамиле жасабагыла. Ар бир жетекчиден жоопкерчиликти сезүүсүн өтүнөм. Былтыркы каргашада кетирилген кемчиликтерден сабак алалы", — деди Новиков.
Биринчи вице-премьер Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги оорулуулардын көбөйүшү ыктымалдуулугунан улам медицина мекемелеринин даярдыгын дайым текшерип турушу шарт экенин кошумчалаган.