Бюджет 100 млн. сомдой зыян тарткан. УКМК Маммүлктөгү коррупцияны ачыктады

Аталган мекемедеги жана мамлекеттик органдардагы жогорку кызмат адамдары мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берип, бюджетке тиешелүү төлөм түшпөй калган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан коррупциялык иш аныкталганын кабарлады.
УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси ("Билип туруп пайдасыз контракт түзүү") жана 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Азыркы тапта мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.