Кыргыз өкмөтү COVID менен күрөшүү үчүн чет жактан 17 млн. доллар алат

Каражаттын бир бөлүгү айылдардагы алгачкы медициналык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга жумшалат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 17 миллион доллар алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
УКМК Саламаттык сактоо министрлигиндеги ири коррупциялык ишти аныктады
Насыя алуу боюнча келишимге экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.
Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө (экономикалык инфраструктуранын объектилерин каржылоо, киреше алып келүүчү долбоорлор) жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардамга, ошондой эле гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.