Казакстанда COVID күч алды. Бир суткада оорудан 22 киши көз жумду

Буга чейин Нур-Султан шаарынын коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жайкы сценарийдей болуп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Коңшу Казакстанда коронавирус жуктургандардын жана оорудан көз жумгандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада 1 485 жаңы учур катталганын Sputnik Казакстан кабарлады.
Билдирмеге караганда, илдет илештиргендердин көбү Нур-Султан менен Алматы шаарларында. Өткөн суткада Алматыда 450, Нур-Султанда 365 кишиден коронавирус табылган. Тилекке каршы, оору коңшу мамлекетте бир сутка ичинде эле 22 адамдын өмүрүн алып кетти.
Анын ичинен 17си коронавирустан, бешөө пневмониядан каза тапкан.
Буга чейин Нур-Султан шаарынын коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жай мезгилиндегидей болуп жатканын айткан.
Ал 14-марттан тарта ооругандардын саны 24 пайызга өскөнүн кошумчалады.