Радио

Мусуралиев: укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге кысым күчөп жатат

Бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев аталган институт тарабынан президенттин аппаратына жана өкмөткө айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталганын айтты.
Sputnik
Соңку убакта укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге кысым күчөп жатат. Себеби мыйзамдарда карама-каршылыктар жана кемчиликтер бар. Бул тууралуу Нурлан Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, соңку убакта ишкерлерден укук коргоо органдарынын үстүнөн даттануулар көбөйө баштаган.
"Салык кодексинин 100-беренесинде кайсы учурда текшерсе боло турганы жазылган. Ошол эле учурда Жазык процесстик кодекстин 35-беренесине ылайык, тергөөчү мамлекеттик органдардан ашыкча текшерүүнү талап кылса болот. Муну адистерибиз изилдеп чыгып, тийиштүү сунуштар президенттик аппаратка жана өкмөткө берилди. Быйыл инфляция 9,7 пайызга жетсе, ИДП 8,6 пайыз түшүп кеткен. Бюджет да толбой жатканын баарыбыз эле билип турабыз, бирок келечекти ойлошубуз зарыл. Анткени Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 436 миллион доллар инвестиция чыгып, келгени 149 миллионду гана түзгөн. Бул абдан өкүнүчтүү жагдай, ошондуктан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды тез арада жоюп, ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл", — деди Мусуралиев.
Ошондой эле ал коронавирустун айынан өлкөдө 40 миң жумуш оруну кыскарганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз.