Баткенде ири спорт комплекси пайдаланууга берилди. Сүрөттөр

Имарат эки кабаттуу. Жабык типтеги спорт комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн ден соолукту чыңдап жана эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди
2 / 4
Заман талабына ылайык курулган жабык типтеги спорт комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн
3 / 4
Имарат эки кабаттуу
4 / 4
Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ал түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.
Ага ылайык, заман талабына ылайык курулган жабык типтеги спорт комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имарат эки кабаттуу.
Бала компьютердик клубда эмес, спорт аянтчасында ойносун. Новиковдун тапшырмасы
Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ал түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.
Комплекстин ачылышына катышкан өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров тургундарды бул саамалык менен куттуктап, калктын саламаттыгын чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган комплекстин ишине ийгиликтерди каалады.