Байден Путинди климат маселесин талкуулоого чакырды

Вашингтон аталган саммит дүйнөлүк коомчулуктун климат маселеси боюнча чечкиндүү кадамдары экономикалык пайда алып келерин көрсөтүүнү максат кыла турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден климат маселесин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөргө 40 лидерди чакырды. Алардын арасында РФ президенти Владимир Путин да бар. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянып РИА Новости жазды.
Чакырылгандардын катарында Россия менен Кытайдын лидерлери бар экенин Байден буга чейин эле билдирген. Анын айтымында, кесиптештери менен бул тууралуу көзмө-көз сүйлөшпөсө да Путин менен Си Цзиньпин иш-чара жөнүндө кабардар.
Макрон: Европа жаңы согуш толкунуна кабылды
Талкуу 22-23-апрель күндөрү онлайн-форматта өтмөкчү.
Ак үй жарыялаган тизмеге ылайык, саммитке Россия, Кытай, Улуу Британия, Индия, Түркия жана Япониянын башчылары чакырылган. Украина президенти көрсөтүлгөн эмес.
Вашингтон аталган саммит дүйнөлүк коомчулуктун климат маселеси боюнча чечкиндүү кадамдары экономикалык пайда алып келерин көрсөтүүнү максат кыла турганын белгиледи.
Буга чейин Америка бийлиги апрелде өтчү талкуу айлана-чөйрөгө чыгарылып жаткан зыяндуу калдыктарды азайтуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө арналарын айткан.