Салык декларациясын кантип толтуруу керек. Видеоинструкция

Бирдиктүү салык декларациясын кантип толтурууну билбей жатасызбы? Анда Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган нускаманы көрүңүз.
Sputnik
Мында мүлкү бар жалданма кызматкер, иштебеген, бирок мүлкү бар адам жана патент төлөгөн жеке ишкер үчүн декларациянын үч формасын тапшыруу эрежеси көрсөтүлөт. Эске салсак, салык төлөөчүлөр декларацияны 1-апрелге чейин толтуруп, тапшырышы шарт. Элдин иш убактысын эске алып, аталган кызмат 1-апрелде түнгө чейин иштээрин кабарлады.
Төлөгөн салыгын да жазыш керек! Декларация тапшыруу эрежеси өзгөрдү
Белгилей кетсек, 2019-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 2020-жылдын 1-апрелине чейин тапшыра албай калган жөнөкөй жарандар менен жеке ишкерлер эки жылдын (2019-2020) декларациясын толтурушу шарт.
Видеодо адис Мамлекеттик салык кызматынын сайтына кирип, калькулятордун жардамы менен декларация толтурууну көрсөтүп берди. Бул — декларацияны электрондук толтуруу эмес. Видеодо көрсөтүлгөн нускаманы аткарган соң даяр болгон декларациядан эки даананы чыгарып, декларант колун коюп, каттоого турган Салык кызматына алып барып бериши шарт. Адис декларацияны электрондук түрдө толтуруу үчүн эмне кылуу керектигин да түшүндүрдү.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү: