Каада-салт менен айкалышкан футуризм. Кытайда өткөн мода жумалыгынан 14 сүрөт

Sputnik

Кытайдын жаш модельерлери улуттук каада-салт менен футуризмди айкалыштырууга аракет кылышкан. Кол өнөрчүлөрдүн эмгеги кандай болгонун Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.

Апта ирмеми: Байдендин кулап кеткенинен тарта Жер-Үй кенинин ачылышына чейин
Иш-чара Пекиндин 751 D паркында болуп өттү. Мыкты аталуу үчүн Кытай, Норвегия, Австралия жана башка мамлекеттен келген 30дан ашуун модельер күч сынашты. Кийим тигүүдө алар тери, трикотаж жана 3D-ыкмасын пайдаланышкан.

Баш байге пекиндик дизайнер Лэн Цзинге ыйгарылды.

China Fashion Week AW 2021 31-мартка чейин созулат. Кийимдердин модасы онлайн да, офлайн да режимде өтүп жатат. Мода жумалыгын Пекин 1997-жылдан тарта өткөрүп келет.

Футуризм моданын бир багыты катары ХХ кылымдын 60-70-жылдары жаралган. Ал учурдун дизайнерлери космосту багындыруудан таасирленип, адамдар скафандрды элестеткен күмүш түстүү комбинезон кие баштай турган маал көпкө күттүрбөйт деп ишенишкен. Бүгүнкү күндө фольгадан жасалган баш кийим же кибер стилиндеги костюм модада деп эсептелинет.

 

1 / 14
Пекинде жаш модельерлердин эл аралык сынагы болуп өттү
2 / 14
Мыкты аталуу үчүн Кытай, Норвегия, Австралия жана башка мамлекеттен келген 30дан ашуун модельер күч сынашты
3 / 14
Аталган сынак 29-ирет өткөрүлүүдө
4 / 14
Иш-чара эл назарына Пекиндин 751 D паркында тартууланды
5 / 14
China Fashion Week AW 2021 31-мартка чейин созулат
6 / 14
Кийимдердин модасы онлайн да, офлайн да режимде өтүп жатат
7 / 14
Өнөрпоздор кийим тигүүдө тери, трикотаж жана 3D-ыкмасын пайдаланышкан
8 / 14
Кытайдын жаш модельерлери улуттук каада-салт менен футуризмди айкалыштырууга аракет кылышкан
9 / 14
Мода жумалыгын Пекин 1997-жылдан тарта өткөрүп келет
10 / 14
Футуризм моданын бир багыты катары ХХ кылымдын 60-70-жылдары жаралган. Ал убак адам баласы космосту багындырган мезгил эле
11 / 14
Ошол учурдун дизайнерлери космосту багындыруудан таасирленип, адамдар скафандрды элестеткен күмүш түстүү комбинезон кие баштай турган маал көпкө күттүрбөйт деп ишенишкен.
12 / 14
Баш байге пекиндик дизайнер Лэн Цзинге ыйгарылды
13 / 14
Жумалыкты келип көргөндөргө бардык санитардык эрежелерди сактоо талабы коюлду
14 / 14
Бүгүнкү күндө фольгадан жасалган баш кийим же кибер стилиндеги костюм модада деп эсептелинет