Ташиев: Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өттү

Тараптар суу плотинасы Өзбекстанда калып, бирок Кыргызстан аны ээн-эркин пайдалана алат деген чечимге келди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын плотинасы өзбек тарапка өтөт деп чечти. Бирок коңшулар бир нече шартты аткарууга милдеттүү экенин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Эске салсак, бүгүн ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
Ташиевдин кыргыз-өзбек чек арасындагы жерлердин өтүшү тууралуу айткан видеосу
УКМК төрагасынын айтымында, Өзбекстан төмөнкү шарттарды сактаган учурда плотина алардын аймагында калтырылат деген сүйлөшүүлөр болду: