Өзбекстан берген тез жардам унаалары бөлүштүрүлдү. Кайсы облустарга тийди

Сөз болуп жаткан тез жардам унаалары Кыргызстанга 13-март күнү алып келинген. Бийлик аларды аймактарга таратып берүү чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында Өзбекстан белек кылган тез жардам унааларын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
"Саат 12.00дө Өкмөт үйүнүн алдында Volkswagen Caddy Cargo жана ISUZU D-Max 4x2 үлгүсүндөгү 20 автоунаа колдоно турган тарапка өткөрүп берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Автоунаалар кайсы мекемелерге берилди:
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында коңшу өлкө КРге 20 тез жардам автоунаасын белек кылган.