БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан өсүмдүк майы менен кумшекердин негизги бөлүгүн Россия менен Казакстандан алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Ушул жылдын январь айында Кыргызстан төмөнкү өлкөлөрдөн 2 179,2 тонна өсүмдүк майын алган:
Ал эми өткөн жылдын биринчи айында 3,9 миң тоннадан ашык май сатып алынган.
2021-жылдын январында өлкөгө 1 506,7 тонна кумшекер импорттолгон:
Узаган жылы ушул эле маалда 2 642 тонна кумшекер сатып алынган.
Эске сала кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17, ал эми кумшекер менен 56 пайыз гана камсыздай алат. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бул азыктар ташылып келинген мамлекеттерде кымбаттаганы үчүн ички рынокто баасы өсүп жатканын айткан.