УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайызга чечилгенин айтып, талаштуу жерлер калбаганын билдирди. Анын айтымында, эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстанга сегиз миң гектар жер жазылган.
Эске салсак, жакында эле Камчыбек Ташиев баштаган өкмөттүн делегациясы Өзбекстанга барып, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптар протоколго кол коюшкан.