КР жарандарынын мүлкү зыянга учураган жок. Ташиев жерлердин такталышы тууралуу

УКМК төрагасынын айтымында, чек ара маселеси чечилип жатканда бардык кыргызстандыктын үйү, огороду, үлүш жери толугу менен Кыргызстан тарапка өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасына тиешелүү маселе чечилип жатканда бир дагы кыргызстандыктын мүлкүнө зыян келтирилген жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Эске салсак, бүгүн ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын Өзбекстанга болгон иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.
"Чек ара маселеси чечилип жатканда бардык кыргызстандыктын үйү, огороду, үлүш жери толугу менен Кыргызстан тарапка өттү. Эч ким үй-жайынан ажыраган жок", — деди Ташиев.
Буга чейин УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда, айрым үйлөр бузулуп, жашоочулар башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн экенин айткан. Андай шартта "мамлекет аларды талаага калтырбай, мүлкүн ордуна тургузуп берерин" кошумчалаган.