Макрон: Европа жаңы согуш толкунуна кабылды

Франция президентинин айтымында, Европа вакцина өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтөт. Эгер зарылдык болсо, аны экспортоого бөгөт коет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон коронавируска каршы вакциналар тууралуу сүйлөп жатып, "Европа жаңы согуш толкунуна кабылганын" билдирди. Бул туурасында Le Figaro басылмасы жазды.
Анын айтымында, бул кагылышуу Кытай менен Россиянын вакциналар аркылуу өз таасирин күчөтүү аракетинен улам болуп жатат.
"Мындай кырдаалда вакцина өндүрүү маселелери боюнча Европа өз алдынча иш кылышы керек", — деди Макрон Европа биримдигинин виртуалдык саммитинде сүйлөп жатып.
Мындан тышкары, Франциянын президенти вакцина өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүп, эгер аны чыгарган компаниялар Европа биримдигине жетиштүү санда даярдай албаса, экспортко бөгөт коюлушу керектигин кошумчалады.