Бишкекте кызды коюп кете жаздаган милиционерге айып салынды

Социалдык тармактарга милициянын атайын унаасы жөө адамды аз жерден коюп кете жаздаган видео тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте милиционер жөө жүргүнчүлөр өтө турган чийинден кызды өткөрбөй койгону үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Буга чейин соцтармакка унаалар жөө адамдарды өткөрүү үчүн токтоп, бирок кайгуулчулардын унаасы "зебрага" келгенде аз жерден кызды коюп кете жаздаган видео тараган.
Милициядан билдиришкендей, атайын унаанын айдоочусу жөө адамды жолдон өткөрбөй койгону үчүн үч миң сом айыпка жыгылды.