Пресс-борбор

Бишкекте коронавирус күчөп жатат, локдаун киргизилеби? Мэриянын жообу

Вице-мэр Айжан Чыныбаева коронавирустун жайылуусун токтотуу жалпы элдин жоопкерчилигинде экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Биздин максат - коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап-этабы менен ишке ашыра турчу пландарыбыз бар. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Мэрия Бишкектеги эпидемиялык кырдаал жөнүндө" аттуу брифингге катышууда.
"Тактап кетчү жагдай, биз кезектеги локдаун жөнүндө сөз кылган жокпуз. Кошумча текшерүү иш-чаралары тууралуу айтып жатабыз. Бардыгыбыздын каалообуз коронавирусту токтотуу, бул үчүн этап менен ишке аша турган пландарыбыз бар. Бирок бизнес менен мектептерди жабуу максатыбыз жок. Эпидемиялык кырдаалга карайбыз", — деди Чыныбаева.
Вице-мэр коронавирустун жайылуусун токтотуу жалпы элдин жоопкерчилигинде экенин белгиледи.
Бишкекте COVID жуктургандардын саны өсүп, санитардык көзөмөл күчөтүлдү
"Эгер бет кап кийип, санитардык нормаларды сактай турган болсок, Казакстанда айтылып жаткан үчүнчү толкундан жеңил өтүп кетишибиз мүмкүн. Учурда соода борборлору жана башка эл көп топтолгон жайлар менен иш алып барып жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, ушул эле брифингге катышып жаткан Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Рыскулбекова 15-марттан тарта Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштаганын билдирди.