Жума күнүнө карата аба ырайы

26-мартка караган түнү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар жаашы боолголонууда. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында күн сууктайт
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаайт. Күндүн табы борбордо +14…+16, Ош шаарында +17…+19 градус болору болжолдонду.