БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Америкалык актриса Жессика Альба ден соолугунда жаралган олуттуу көйгөйдөн улам карьерасын таштап, кино тармагынан кеткенин жар салды. Бул тууралуу Entertainment Tonight кабарлады.
"Апам жаш кезинде рак илдетине кабылган. Анда ал 20да эле. Мен болсо өнөкөт оору менен төрөлдүм. 11 жашка чейин эле мага беш ирет операция жасалган. Андан сырткары өнөкөт аллергиям бар болчу. Бала кезимде ооруканага көп жаттым", — деген Альба.
Актрисанын айтымында, 2008-жылы Онор аттуу кыздуу болгондон кийин ал ден соолугуна көңүл бура баштаган.
"Бир мезгилде жашап, гүлдөш керек экенин түшүндүм. Кызым жарык дүйнөгө келгенден кийин ал адам менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү чечтим. Көрсө, ден соолук маанилүү экен. Эгер ден соолук болбосо, бактылуу болуу да кыйын", — деген ал.
Жессика Альба "Темный ангел" телесериалында башкы каармандын ролун аткаргандан кийин атактуу болгон. Кийин ал "Город грехов", "Фантастическая четверка", "Удачи, Чак" сыяктуу бир нече тасмалардын көркүн ачкан. Альба карьерасында бир топ ийгиликтерге жетишип, сыйлыктарды алган. Ошондой эле бир нече ирет дүйнөдөгү сексуалдуу аял аталган.