Ташиев Ташкенттен келди. Эмне маселе чечилгени азырынча белгисиз

Делегация кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 23-мартта Өзбекстанга учуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген өкмөттүк делегация Ташкенттен келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 23-мартта Өзбекстанга учуп кетип, 24-25-мартта жыйын болгон.
Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган.
"26-мартта өкмөт үйүндө протоколдун мазмуну тууралуу кенен маалымат берилет", — деп жазылат билдирмеде.
Маалымат кызмат убактысы кийинчерээк айтыларын белгиледи.