Россия коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасын өндүрө баштады. Видео
20:02, 25 Жалган Куран 2021
Россияда коронавируска каршы "КовиВак" вакцинасы өндүрүлө баштады. Чумаков атындагы борбордо иштелип чыккан препарат 2021-жылдын 20-февралында каттоодон өткөн.
"КовиВактын" биринчи партиясын таңгактоого Россиянын илим жана жогорку билим министри Валерий Фальков катышты. Препарат жакынкы күндөрү аймактарга жеткирилет. Борбор жылына 10 миллион доза чыгарууну пландап жатат.