"Россияны жазалоо": РФ менен ЕБ алакасы 90-жылдардагы абалдабы?

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Брюсселдин "алакасынын инфраструктурасы" Евробиримдик тарабынан бузулганын айтууда. ЕБде Россияга айрым гана мамлекеттер өнөктөш.
Sputnik
Бирок Россия Европадагылар да кааласа байланышты калыптандырууга даяр. Дипломаттар тил табышууга кантип аракет көрүп жатышканына Антон Лисицын сереп салган.

Жылыш жок

Лавровдун пикиринде, ЕБдин кээ бир эле өлкөлөрү улуттук кызыкчылыктарын туу тутуп, Москва менен байланышты кармайт.
"Азырынча "Батыш фронтунда өзгөрүү жок", — деп белгиледи министр. — Чыгышта биздин күн тартибибиз абдан интенсивдүү, жыл өткөн сайын жыш да болуп келет".
Шейшемби күнү россиялык дипломатиянын жетекчиси эгер Евробиримдикте мамилени жөнгө салууну чечишсе, Москва аларды калыптандыруудан качпайт.
"Албетте, биз бирдей укук жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугун издөөнүн негизинде бул мамилени бекемдөөгө даярбыз", — деп кошумчалаган ал.
Буга дейре Лавров "заманбап эл аралык аренада кимди болбосун жазалоо дегеле туура эмес, ал эми Россияга жана КЭРге карата мындай тон бычууга тырышуу — бул акылга сыйбас иш".
Андан бир күн мурун европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель алакалардагы чыңалуунун күч алышына жоопкерчиликти Москвага оодарган.
"Россия тирешүүгө өткөнү бизге түшүнүктүү", — деп билдирген ал ЕБ Кеңешинин жыйынынан соң. Анын айтымында, "Россия барган сайын Европа биримдигине далысын салууда".
Боррель маалымдагандай, европалык дипломаттар Россия менен мамиледе беш принципти жактай турганы тастыкталды. Атап айтканда, Минск келишимдерин аткаруу, ЕБдин чыгыштагы өнөктөштөрү, башкача айтканда постсоветтик республикалар менен байланышты чыңдоо, жалпы кызыкчылыктарды эске алып Москва менен тандап өз ара аракеттешүү, "россиялык жарандык коомду" колдоо жана Европанын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо.
Пандемия Европа үчүн бороон-чапкынга айланууда. Туруштук бере алабы?
Боррелдин билдирүүсү санкциялар менен коштолду. Маалымат каражаттары Европа биримдиги Алексей Навальный жагдайынан улам россиялык кызматтык өкүлдөргө чара көрөрүн эскертип келишкен. Сот "Ив Роше" иши боюнча шарттуу мөөнөттү жокко чыгарып, аны сыноо кезиндеги эреже бузулардын көптүгүнөн улам жалпы режимдеги колониядагы үч жарым жылга алмаштырган.
Ачыгы, ЕБде күч органдарынын өкүлдөрүнө каршы жеке санкциялар менен чектелип, россиялык экономикага карата чара көргөн жок. Россиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул кадамды колдон чыгарылган мүмкүнчүлүк деп атады. "Россия тараптан Европа биримдигинин достукка коошпогон бул акциясына өзүнө шайкеш жооп кайтарылат", — деп белгилейт ал.
Лавров, ошондой эле, Брюсселдин саясатында Москвага дал кайсы нерсе туура келбей турганын кеңири түшүндүргөн: ЕБ "билип туруп эки тараптуу алаканын дээрлик бардык инфраструктурасын талкалаган".

Каршылык көрсөтүү жана Россияны ооздуктоо

ЕБдин Москвадагы өкүлү Маркус Эдерер Боррель менен болгон түшкү тамакта жолугушуусунда Россия менен диалогдо Евробиримдик украиналык жаңжалга кескин басым жасап алган, бул көз карашты өзгөртүү зарыл экенин билдирген. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине Еврокомиссиянын басма сөз кызматы кабарлап, кезигүүдө көтөрүлгөн темалар боюнча ооз ачкан эмес. Расмий түрдө тышкы саясат боюнча европалык мекемелердин башчылары кайрадан эле "Москва менен мамиледе беш негизги принциптин жакталышын" айтышты. Аны менен кошо дипломаттар "Россияга жалпы каршы туруу, ооздуктоо жана зарыл жерде өз ара аракеттешүү" боюнча бир пикирге келишти.
Арышы арбыбаган алака. РФ элчиси АКШга эмнеге кайтышы керек
Москва Европа кеңеши боюнча да үн катты. Россия ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко Кремль Европа кеңешине мүчөлүгүн баалайт, бирок ал үчүн "каалаган акыны" төлөп, тизе бүкпөйт.
РФ ТИМ алдындагы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун интеграциялык процесстер кафедрасынын башчысы Николай Кавешников Россия жана ЕБдин ортосундагы өз ара байланыш "90-жылдардын башындагы эң төмөн деңгээлде" экенин айтат.
"Кремлдин көз карашында, жоопкерчилик Европа биримдигинде. Крымдагы жана Донецк, Луганск областтарындагы окуялардан кийин ал санкцияларды киргизип, аларды Россиянын эл аралык аренада жана өлкө ичиндеги аракеттерине өз мамилесин билдирүү үчүн дале пайдаланууда", – дейт эксперт.
Кавешников ЕБдин пикирин да мындайча чечмелейт: "Алардын ою боюнча, 2014-жылы Россия эл аралык укуктук ченемдерге каршы кетип, "зыяндуу ишмердик" жүргүзүүдө".
Кремлдин бир топ кадамын Брюсселдегилер милдеттенмелерди бузуу катары баалайт.
Евробиримдикте Россия менен алаканын бузулушун токтотууга, жок дегенде бизнеске жолтоо болчу багыттарда мамиленин начарлашына жол бербөөгө кызыкдар күчтөр да бар. Бирок Могерининин беш принципти иштеп чыгуусу менен ЕБ ушундай болор-болбос консенсуска келди. Башканы ойлоп табуу алардын колунан келбейт", — деп белгилейт Кавешников.
Анын айтымында, улуттук кызыкчылыктар менен байланышты өнүктүрүү – азыр колго ала турган жалгыз чара. Бирок экономика, инвестиция, тышкы саясат улут үстүндө чечилип, мындан башка жол табуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.
Алаканын жеткен чеги: Россия менен АКШ кол үзүү кооптуулугунда
Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Андрей Суздальцев ЕБ, дегеле батыш өлкөлөрүнүн Россия менен тиреши белгилүү бир алгоритм менен өрчүп жатканын баамдаган.
Акырындап Россияны жазалоо үчүн шылтоолор азаюуда, аны менен катар күн тартибин өзгөртүүгө түртөт деп боолголойт Суздальцев. Кандайдыр бир мааниде тараптар өтүүгө болбой турган кызыл чийинге жетип калышты.
"Мамилелер 90-жылдардагы эң төмөн деңгээлине түштү, бирок биздин көп багытта: экономикалык, социалдык, технологиялык байланыштарыбыз бар. Диалог ошол эле нукта уланып, Россияны кай бир көрүнүшкө айыптуу өлкө көрсөтүп, тарбиялоого тырыша бериши мүмкүн. Ал эми иш жүзүндө алардын көздөгөнү анык: биз рынокко сунуштаган нерсенин баасын төмөндөтүү. Биз алардын айтканы менен болбошубуз керек, бирок бул туруктуулук жана коопсуздукту камсыздабасы түшүнүктүү", — дейт эксперт. Анын пикиринде, чындыгында Европада РФке тагылган айыптоолорго далил келтирүүгө убара да тартып коюшпасы белгилүү болгондо эле диалог токтогон. Москва Брюсселдегилер тынчып, "ачуусу тарап" калганча күтүүдөн башка эмне кылсын, анан да Россиянын ичинде эле иш жетиштүү эмеспи.